SerepTV Logo

Садыр Жапаровдун тууганы үй камагына чыкты

Садыр Жапаровдун тууганы үй камагына чыкты
Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал 26-ноябрга чейин үй камагында болот. 6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.