SerepTV Logo

Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты

Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал буга чейин 26-сентябрга чейин камакта калтырылган. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 24-августта каралып, үй камагына чыккан. 6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.