"Рулда" рейди учурунда 1185 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктардын алдын алуу максатында 8-июлдан тартып, 3-августка чейин өлкө аймагында “Рулда” аталышында рейд өткөрүп, 86 264 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.
Алардын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 1185 айдоочу;
- автоээнбаштык жасаган 283 айдоочу;
- каршы тилкеге чыгып айдаган 1753 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 326 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 533 айдоочу.
Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6555 авто унаа айып короо жайына киргизилди.