SerepTV Logo

Орусияга кете турган жарандарга жасалма документтерди сатып жүргөн мурунку финполчу кармалды (сүрөт)

Орусияга кете турган жарандарга жасалма документтерди сатып жүргөн мурунку финполчу кармалды (сүрөт)
Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга учак менен кетип жаткан жарандар жасалма медициналык тактамаларды колдонгон факты аныкталды. Тергөө иштерин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. «Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн жаран кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылган. Шектүү жабырлануучуларды алдап, Орусияга учуп кетүүгө жардам бере турганын айткан. Бул иш Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча катталды», - деп айтылат маалыматта. Жабырлануучулардын бири 46 миң 50 сомго Бишкек-Москва каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алган. Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар 0312 35-12-70, 0701 35-12-70 жана 0708 00-36-19 телефон номурлары аркылуу милиция кызматкерлери менен байланышса болот.
edita