SerepTV Logo

Орусияда кыргыз жигит 24 жаштагы кыргыз кызга бычак сайды

Орусияда кыргыз жигит 24 жаштагы кыргыз кызга бычак сайды
Орусиянын полиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге 24 жаштагы кыргыз кызга бычак сайган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кармалган адам — 23 жаштагы Кыргыз жараны. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилгенде күнөөсүн мойнуна алып, бул кылмышка кызганычтан улам барганын билдирген. Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2-февралда Москва облусунун Красногорск шаардык округунда болжол менен саат 15:00 чамасында шектүү 24 жаштагы кызга белгисиз буюм менен кол салган. Жабырлануучу дагы Кыргыз жараны жана учурда ооруканада дарыланууда. Анын абалы туруктуу. Аталган окуя боюнча Орусиянын Жазык кодексинин 111-беренесинин (ден соолукка атайлап зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду.
edita