SerepTV Logo

Равшан Жээнбековдун карындашына дагы бир кылмыш иши козголду

Равшан Жээнбековдун карындашына дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун карындашына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Анын айтымында, Мира Жээнбекова УКМКга сурак берип келген. "Карындашым Мира Жээнбековага УКМК коррупция боюнча иш козгоптур. Азыр эле сурактан келди", - деп жазды ал.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова буга чейин УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан.