SerepTV Logo

Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Эми ал эркиндикте

Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Эми ал эркиндикте
Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. УКМК 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандыгын жана ага карата профилактикалык иш-чара көрүлгөндүгүн эске салды. "Бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого интернетте кеңири тараган Райымбек Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон. Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн. Бирок аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты. Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан эмес, андан сырткары Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыкталган эмес. Буга байланыштуу, жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Ошол эле учурда Райымбек Матраимов өз ыктыяры менен баасы 20 миллион сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр квартирасын мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
edita