SerepTV Logo

"Радуга" пансионатындагы мушташ боюнча кармалган жаран 20-июлга чейин камакта болот

"Радуга" пансионатындагы мушташ боюнча кармалган жаран  20-июлга чейин камакта болот
Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатынын пляжында орун алган мушташтын себепкери делип кармалган шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 30-июнда Ысык-Көл райондук сотунда каралган. Ал 20-июлга чейин камакта калтырылган. 29-июнда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин (ээн баштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.