Радио жыштыктарды сатуу иши боюнча кармалган өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы үй камагына чыгарылды
Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы, радио жыштыктар чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынган Самат Кылжыев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Сот мындай чечимди 25-февралда чыгарган.
Өкмөттүк аппараттын мурдагы башчысы Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуудагы коррупцияга айыпталып кармалып, Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган эле.
Буга чейин Кылжыев өзү радио жыштыктардын мыйзамсыз сатылышын иликтөөнү тездетүү өтүнүчү менен Садыр Жапаровго, Курманкул Зулушевге жана Камчыбек Ташиевге кайрылган. Жыштыктарды сатууга байланыштуу чуу Кыргызстанда 2020-жылдын май айында чыккан.