Психиатриялык ооруканадан чыгып, чет өлкөгө качып кеткен Даниел Ажиев жол кырсыгына кабылды
Өткөн жылдын октябрь айында психиатриялык ооруканадан чыгып, чет өлкөгө качып кеткен деп айтылган Даниел Ажиев жол кырсыгына кабылган. Бул боюнча “Аргумент” басылмасы жазды. Маалымат боюнча, 22-майда саат 22:00 чамасында ал Бишкекте BMW Х5 маркасындагы унаа башкарып бара жатып кырсыккка кабылган.
Даниел Ажиев пандемия учурунда элге жардам берүү үчүн 7 миллион сом бөлгөнүн айтып чыккан. Соцтармактардын колдонуучулары анын акчасын ыплас деп, бизнесменди сынга алышкан. Даниел Ажиев буга жооп катары видео жаздырып, ал жерден порнобизнес иштеткенин билдирип, жалпы кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Буга байланыштуу ИИМ ага карата «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш козгоп, кармаган. Кийин бул кылмыш иши токтотулуп, анын Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерде дарыланууга жиберилгени маалым болгон.