SerepTV Logo

Психикалык жактан жабыркаган кыргызстандык Москвада өз жанын кыюуга аракет кылган

Психикалык жактан жабыркаган кыргызстандык Москвада өз жанын кыюуга аракет кылган

Москвада кыргызстандык өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал психиатриялык клиникага жаткырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери 1975-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жаранына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Симоновский райондук сотунун көчмө соттук отурумуна катышкан.

4-августта аны полиция кызматкерлери өзүн-өзү өлтүрүү коркунучу менен ооруканага алып кетишкен. Белгиленгендей, медициналык мекемеге жаткырылганда, кыргыз жараны психикалык жактан жабыркагандыктан, буга чейин Кыргыз Республикасында дарыгерлерге көрүнгөнүн айткан.

"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 29-беренесине ылайык, жаран өзүнө коркунуч туудурат андыктан сот арызды канааттандырып, психиатриялык ооруканада болуу жөнүндө чечим чыгарган.