Прокуратура: «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдук зыян келтирген"
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталды.
Натыйжада мамлекетке 127 миллион 185 миң сомдук зыян келтирилген. Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.