Прокуратура: "5 миллион сомдон ашуун акчаны ыйгарып алган кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылды"
Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» ишканасынын эки кызмат адамына карата өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актын бекитти. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 210, 346-беренелери ("ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу", "кызматтык жасалмачылык") боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.
Текшерүүдө аталган ишкананын кызмат адамдары жеке материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүнчү автобустарынын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштургандыгы аныкталган. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, ишканага жалпы суммасы 5 миллион 288 миң 500 сом зыян келтирилген. Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке зыян толугу менен өндүрүлгөн. Айыптоо акты бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.