SerepTV Logo

Пригородное айылындагы фермадан чыккан өрттөн 223 бука тирүүлөй күйүп кеткен

Пригородное айылындагы фермадан чыккан өрттөн 223 бука тирүүлөй күйүп кеткен
Кечээ, 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан өрт чыккан. Өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ тартылган.
Мындан сырткары ИИМдин аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, “Газ чарба” кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.
Алардын жардамында өрт түнкү саат 02:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.