Пригородное айылында фермадан өрт чыгып, букалар тирүүлөй өрттөнүп кетти (видео)
Чүй облусундагы Пригородное айылында фермадан өрт чыгып, букалар тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
17-июль күнү Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 6 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылды.
Тилсиз жоонун кесепетинен ферма малы, чөбү менен кошо өрттөнүп кеткен.
Видеого тарткан өзүн кошунасымын деп тааныштырган адамдын айтымында, ал өрт чыкканда өзүнүн фермасындагы 50-60 буканын жибин кесип кубалаган. "Булардын деле жиби кесилген болчу. Бирок жаш букалар бакырган боюнча чыга албай күйүп кетти. Экинчи кабатта чөп, астында букалар турчу", - дейт видеонун ээси.