Президенттик кортеж кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан жол кырсык боюнча иш козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, факты боюнча Жазык кодексинин 297-беренесине (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Президенттик кортеждин унаасын сүзгөн унаанын айдоочусу учурда ооруканада.
4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкери окуя болгон жерде каза болгон. Кийинчерээк каза болгон жарандын президенттин дарыгери экендиги маалымдалган.