SerepTV Logo

«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женго» каймана аттуу кримтөбөл акталды

«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женго» каймана аттуу кримтөбөл акталды
«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досонов акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти. "Жазык Кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү (жерди мыйзамсыз басып алуу) менен айыпталган Кадыр Досонов Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы токтомунун негизинде, айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылып, айыпталган бөлүгү кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды. Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык Кодексинин 215-беренеси (кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) боюнча айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу", - деп айтылат соттун маалыматында. 11-февралда УКМК тарабынан Кадыр Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар делип кармалган. Буга чейин ага 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, издөө жарыяланган. Кармалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.