SerepTV Logo

Пенсионерди алдаган делип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Пенсионерди алдаган делип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Пенсионердин арызынан кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. "78 жаштагы жабырлануучунун айтымында, 2019-жылдын күзүндө андан акча алган адам кийинчерээк качып кеткен. Уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча 3-башкармалыктын кызматкерлери шектүүнү кармашты. Шектүү — 1984-жылы туулган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат", - деп айтылат маалыматта. Шектүү тергөөчүлөргө берилип, иликтөө уланып жатат.
edita