SerepTV Logo

Пара талап кылууга шектелип УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Пара талап кылууга шектелип УКМКнын жалган кызматкери кармалды
Пара талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, УКМКнын кызматкеримин деген жалган кызматкер кармалган. Маалыматка караганда, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран кармалып, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.