SerepTV Logo

Пара талап кылууга шектелип Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрү кармалды (видео)

Пара талап кылууга шектелип Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрү кармалды (видео)
Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 13-ноябрда УКМК тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн РИББдин тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Тергөөчүлөр жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 10-ноябрда эки тергөөчү Бишкек шаарындагы банктардын биринен жарандын банк картасы аркылуу 70 миң сом алышып, 12-ноябрда тергөөчү ага карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралар уланууда.