Пара талап кылуу боюнча айыпталып жаткан прокурордун жардамчысы акталды
Пара талап кылган деп айыпталган Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы акталды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысына "алдамчылык" беренеси боюнча айып коюлуп, акталып чыкты. "Ак-Суу райондук соту аталган укук коргоо органынын мурунку кызматкерин актады. Себеби анын иши боюнча жабырлануучу жеке жана коомдук айыптоону колдоодон баш тарткан", - деп айтылат маалыматта.
2020-жылы май айында Жети-Өгүз районунун прокурорунун аттуу улук жардамчысы 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал анда бирөөлөрдүн жазасын жеңилдетүү үчүн пара талап кылганы айтылган.