Пара алууга шектелип Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды (cүрөт)
Кечээ, 7-февралда УКМК жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан Москва райондук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылган.
Кармалган кызматкердин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылган.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык (пара талап кылуу) кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелген жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.