SerepTV Logo

Пара алууга шектелип Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Пара алууга шектелип Эсептөө палатасынын инспектору кармалды
Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору кармалган. “Эсептөө палатасынын инспектору Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган”, - деп айтылат маалыматта. Кармалган жаран Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
edita