SerepTV Logo

Пара алууга шектелип кармалган Ташиевдин өкүл баласы эки ай мурда эле үй камагына чыкканы маалым болду

Пара алууга шектелип кармалган Ташиевдин өкүл баласы эки ай мурда эле үй камагына чыкканы маалым болду
Опузалап пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти. "Жалал-Абад шаардык сотунун 13-марттагы токтому менен УКМКнын ага тергөөчүсү айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнмөсү канааттандырылган. Ал 29-апрелден 29-майга чейин үй камагында болот", - деп айтылат маалыматта. 11-март күнү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери кармалган.