SerepTV Logo

"Өзүн милиция кызматкеримин деп". Ысык-Көлдө кароолчу тонолду

"Өзүн милиция кызматкеримин деп". Ысык-Көлдө кароолчу тонолду
Караколдо ишкананын кароолчусу сабалып, тонолду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 6-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын ишканалардын биринен кабар түшүп, анда түн ичинде белгисиз адам ишкананын аймагына кирип, кароолчуну сабап, пневматикалык мылтыгын тартып алгандыгын билдирилген. Окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу аталган ишкананын 62 жаштагы кароолчусун суракка алышкан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 6-июнга караган түнү саат 03:00дөн 04:00 аралыгында ал уктап жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирген. Аны ойготуп, өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү катары тааныштырып, бөлмөнү тинтүүгө алган. Керебеттин матрасынын астынан пневматикалык мылтыгын таап, мылтыктын кундагы менен кароолчуну уруп-сабай баштаган. Белгисиз адам кароолчуну сабагандан кийин, анын пневматикалык мылтык жана окторун алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, ур-токмокко алынган карыя кароолчу милиция кызматкерлерине түнкү тоноочуну сүрөттөй алган эмес. Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси менен (тоноо) кылмыш иши козголгон. Каракол ШИИБдин Жыргалаң шаардык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал мурда соттолуп, шарттуу түрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну болуп чыккан. Суракта шектүү жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, андан далил зат катары пневматикалык мылтык алынган.  Каракол шаардык соттун чечими менен, шектүүгө тергөө жүрүшүндө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.