Өзгөндөгү үйдөн чыккан өрт 3 жашар баланын өмүрүн алды
Бүгүн, 23-декабрда Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:05те Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 08:12де Өзгөн райондук №53 ӨКБдан дагы 1 бөлүм тартылган.
"Кошумча саат 08:30да Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт 09:03тө чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала чарчап калды",- дешти ӨКМден.