Өзгөндөгү Жазы дарыясына унаа түшүп кетип, эки киши каза болду
Ошто жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, Жазы дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы эки эркек киши каза болгон. Жерине 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдардын сөөгү унаадан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып беришти.