SerepTV Logo

Өзгөндө атасы зордуктаган делген 17 жаштагы кыз. Окуянын чоо-жайы

Өзгөндө атасы зордуктаган делген 17 жаштагы кыз. Окуянын чоо-жайы
Өзгөндөгү 17 жаштагы кыздын зордукталганы азырынча тактала элек. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызда жээни болгон ошол айылдын 17 жаштагы тургунун өзүнүн үйүндө 45 жаштагы атасы зордуктап койгондугун, ал кызынын алсыз абалынан пайдаланганын көрсөткөн. Аталган арыз Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 161-беренесинин негизинде катталган. Текшерүүдө өспүрүмдү Өзгөн райондор аралык социалдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суракка алган учурда 19-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан зордуктап салганын айткан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүү көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген. Кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыз белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да, бүдѳмүк ойлор пайда болбосун үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган. Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Орусияда иштеп жаткан. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
edita