SerepTV Logo

Өзгөндө жол кырсыгынан 17 жаштагы жигит көз жумду

Өзгөндө жол кырсыгынан 17 жаштагы жигит көз жумду
Өзгөн шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Маалыматты Ош ОИИБ боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-декабрда саат 02:50 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө Дөң-Булак айылынын 2005-жылы туулган тургуну Хонда Жаз үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, жолдун четиндеги электр мамысын сүзүп, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2006-жылы туулган тургуну денелеринен ар кандай жараат алып, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылышкан. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.