SerepTV Logo

Өзгөндө жаранды аёосуз токмоктогон эки шектүү кармалды

Өзгөндө жаранды аёосуз токмоктогон эки шектүү кармалды
Өзгөн районунун тургунун ур-токмокко алган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топ менен мурда байланышы бар болгон адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМКга жаран кайрылып, криминалдар тарабынан катуу сабалгандыгын айтып, арыз жазган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыздануучунун денесинен оор жаракат аныкталып, өмүрүнө коркунуч келтирилген. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка катыштыгы бар, мурда үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1994-жылы туулган жаран жана 2005-жылы туулган жаран кармалган. Маалымдалгандай, кармалгандар буга чейин "Коен" каймана аттуу жарандын кылмыштуу тобу менен байланышта болушкан.
edita