Өзгөндө эки унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады (сүрөт)
Ошто катталган жол кырсыктан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганд, бүгүн саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Өзгөн районунун Шералы айылында Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа менен портер менен сүзүшкөн. Кесепетинен Мырза-Аке айылынын 5 жараны ар кандай жарааттарды алган. Жерине ӨКМдин 3 куткаруучусу тартылган. Оор жаракат алгандар Өзгөн райондук ооруканага тез жардам менен жиберилген. Жабыркагандардын абалы оор.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67608,67609"]