SerepTV Logo

Өзгөндө автоматтан ок чыгарган жаш жигит кармалды

Өзгөндө автоматтан ок чыгарган жаш жигит кармалды

Ошто асманга ок чыгарган 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Социалдык тармактарда белгисиз адам Калашников автоматына окшош курал менен асманга ок чыгарган видео тараган. «Текшерүү учурунда окуя Өзгөн районунда болгону аныкталган. Алынган маалыматка караганда, жигит Ош шаарына келген. Кылмышка шектүү адам ички иштер бөлүмү тарабынан кармалган. Анын аты-жөнү такталып, 20 жаштагы жигит экени аныкталды. Учурда курал алынды жана шектүү тергөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүп берилди”, - деп билдиришти милициядан.