SerepTV Logo

Өзгөндө 2 адамды атып өлтүрүүгө шектелген 24 жаштагы жигит 2 айга камакка алынды

Өзгөндө 2 адамды атып өлтүрүүгө шектелген 24 жаштагы жигит 2 айга камакка алынды
Өзгөндө 2 адамды атып өлтүрүүгө, кийин качып кетүүгө шектелген 24 жаштагы жигит Өзгөн райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда кылмышка шектелген башка жарандарды издөө иштери улантылып жатат. 19-мартта Өзгөндө унаада отурган 3 жаранды белгисиз адамдар аткылап кетип, экөө алган жаракаттарынан каза таап, бирөө аман калган. Каза тапкандардын бири болгон 31 жаштагы жаран 2020-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип 24 жаштагы жигит кармалган болчу.
edita