Өзгөндө 2 адам октон каза тапкан окуя. Шектүүлөрдүн куралы жана унаасы табылды
Өзгөндө кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы жана автоунаасы табылды. Бул туурасында Ош облустук милициясынан билдиришти.
2021-жылдын 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан адамдардын кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылды.
Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, “КRAL ARMS” үлгүсүндөгү Туркия мамлекеттинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибрлүү ок-дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.
Ошондой эле буга чейин денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. 2020-жылдын февраль айынан бери уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министирлигинин ыкчам каттосунда тургандыгы белгилүү болду.
Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="28481,28482,28484,28485,28486,28483"]