SerepTV Logo

Өзгөндө 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

Өзгөндө 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
Өзгөндө жашы жете элек кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, милицияга 17 жаштагы кыздын апасы арыз менен кайрылган.

"Анда апасы кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген. Алгачкы медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болгондуктан кайра экспертиза дайындалды. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалды",- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн кылмышка шектелген жарандын баш коргоо чарасы каралат.

edita