SerepTV Logo

Өзбекстанда 7 жаштагы бала дарыяга чөгүп кеткен. Сөөгү Кыргызстандын аймагынан изделип жатат (сүрөт)

Өзбекстанда 7  жаштагы бала дарыяга чөгүп кеткен. Сөөгү Кыргызстандын аймагынан изделип жатат (сүрөт)

13-июль күнү Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы Касан-Сай дарыясына 2014-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын аймагында Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чарлары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

"Касан-Сай дарыясы Биринчи Май айыл аймагынын Жаңы-Шаар жана Айры-Там айылдарын аралап өткөн Чүст каналына куйгандыгына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Наманган облустук башкармалыгынын башчысы издеп берүү каты менен кайрылган",- деп айтылат маалыматта. 15-июль күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="64653,64654,64655"]