SerepTV Logo

"Өтүп бара жатып түшүп кеткен". Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылды

"Өтүп бара жатып түшүп кеткен". Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылды

Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Нарын районунун Ак-Булуң айылындагы Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп бара жатып эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.