SerepTV Logo

Оторбаевге карата "Кумтөр" иши боюнча өкүм чыкты

Оторбаевге карата "Кумтөр" иши боюнча өкүм чыкты
Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты. Экс-премьерге 300 миң сомдук айып пул чегерилген. Азырынча мурдагы өкмөт башчы жана анын адвокаттары соттун чечими боюнча комментарий бере элек. Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган. 20-ноябрда анын бөгөт чарасы каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.