SerepTV Logo

Өтмөк ашуусунда сел жүрдү (видео)

Өтмөк ашуусунда сел жүрдү (видео)
3-майда Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 11-чакырымында (Өтмөк ашуусунда) сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 19:30 чамасында жол жээгинде суу көбөйүп сел жүргөн. Учурда жол бир тараптуу ачык. Жол тейлөө ишканасынын эки оор техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-3-май күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар экенин эскерткен эле. [video width="848" height="480" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/126022e9-185f-4bb7-811f-ce724e51a3bd.mp4"][/video] [video width="848" height="480" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/d1c2a5bc-edeb-45e2-b677-6c0ce6ba3986.mp4"][/video] [video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/41c344bc-f6d9-42aa-b929-237eaf20dcf1.mp4"][/video]
edita