Өткөн жылы Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармады
2021-жылы Кыргызстандын Интерпол улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармады. Анын ичинен 14ү чет өлкөлөрдө, 31и Кыргызстанда болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн эки Кыргыз жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Польшада кармалды. Бири Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан, экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.