SerepTV Logo

16 жаштагы окуучу кыздын өлүмү: Билим берүү министрлигинин кызматкерлери Кеминге барды

16 жаштагы окуучу кыздын өлүмү: Билим берүү министрлигинин кызматкерлери Кеминге барды
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдун тапшырмасы боюнча министрликтин кызматкерлери бүгүн, 23-июнда Кемин районуна барды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева, Жалил Садыков атындагы №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс-жетекчи менен ушул мектептин 9-классынын бүтүрүүчүсүнүн өлүмү боюнча жолугушуп сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга милиция кызматкерлери да катышышты. Алар фактылар жана тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Ички иштер органдарынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жашы жете электерге карата ушул кылмыш боюнча өз ара аракеттенүү маселелери, кыздын үй-бүлөсүнө жана социалдык абалына тиешелүү маселелер талкууланды. Азыркы учурда мугалимдер, ушул мектептин жана райондун педагогикалык коомчулугу тарабынан каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүүдө.
Unknown Author