SerepTV Logo

Оштогу үрөй учурган кырсык: 3 эркек, 4 аял киши мүрт кетти

Оштогу үрөй учурган кырсык: 3 эркек, 4 аял киши мүрт кетти

Оштогу жол кырсыктын кесепетинен 7 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталган. Анда КаМАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болду. Алардын үчөө эркек, төртү аял. Ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 3 бала балдар ооруканасына жаткырылды. Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="83799,83800,83801"]