Оштогу "Улук-Ата" кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды
Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан "Улук-Ата" кафесинен чыккан өрт бүгүн, 16-декабрда саат 15:30да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 6 күжүрмөн эсеп, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.