SerepTV Logo

Оштогу студент кыздын өлүмү. 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Оштогу студент кыздын өлүмү. 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ошто 27 жаштагы жигиттин дайынсыз болуп жатканын билдирип, жансыз дене Ак-Буура-Араван каналынан изделип жатканын маалымдашкан.  Бүгүн, 1-июлда ӨКМден 24 куткаруучу тартылып, саат 09:58де маркумдун жансыз денесин жогоруда аталган каналдан алып чыгып, ИИМдин кызматына өткөрүп беришти. Кечээ, 30-июнда милиция 28-июнда Оштогу Ак-Буура дарыясынын боюнан медициналык колледжинин 2-курсунун студентинин жансыз денеси табылганын билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан ал кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти экенди такталган. Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттары кыз менен жигиттин кыз-жигит мамиледе болгонун жазып чыгышты.