SerepTV Logo

Оштогу Сары-Могол каналына 7 жаштагы бала чөгүп кетти. Сөөгү туугандарына өткөрүп берилди

Оштогу Сары-Могол каналына 7 жаштагы бала чөгүп кетти. Сөөгү туугандарына өткөрүп берилди

Оштогу Сары-Могол каналына 7 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак айылында Сары-Могол каналына 2014-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана ИИМден 5 кызматкер тартылган. Куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген.