Оштогу Папан суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн 17 жашта экени маалым болду
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кеткенин билдиришкен. Маркумдун 17 жашта экени маалым болду.
"Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 15:15те 8 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди",- деп айтылат маалыматта.