SerepTV Logo

Өзгөндөгү мектептин 2-кабатынан секирген окуучу. Атасы милицияга арыз менен кайрылды

Өзгөндөгү мектептин 2-кабатынан секирген окуучу. Атасы милицияга арыз менен кайрылды
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында мектептин 2-кабатынан секирген окуучу жаракат алып, ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 11:40 чамасында Мырза-Аке айылынын 16 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, Мырза-Аке айылдык ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат РИИБге келип түшкөн. Окуя боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө окуучу өзүнөн-өзү экинчи кабаттан секиргенин, кийин сурашканда ал өзүн-өзү текшерип көрмөкчү болуп, ушул жолго баргандыгын айтып беришкен. Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен милицияга арыз менен кайрылып, баласы жөндөн-жөн терезеден секирбей турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө менен кайрылды. Бул факты боюнча териштирүү башталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
edita