SerepTV Logo

Оштогу мейманканада Сербиядан келген жарандын баштыгы уурдалган. Шектүү кармалды

Оштогу мейманканада Сербиядан келген жарандын баштыгы уурдалган. Шектүү кармалды
Чет мамлекеттен келген туристтин баштыгын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 12-июлга караган түнү Сербия өлкөсүнүн жараны баштыгын белгисиз жарандар Ош шаарындагы конок үйлөрүнүн биринен уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты Ак-Буура милиция бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин белгилери менен катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча чаралар көрүлгөн. Кылмышка шектелип, Ош шаарынын 1975-жылы туулган жараны кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жанынан алынган баштык жабырлануучуга таандык экени аныкталган. Сербия өлкөсүнөн келген туристтин баштыгы өз колуна тапшырылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.