SerepTV Logo

Оштогу "Келечек" базары өрттөндү (сүрөт)

Оштогу "Келечек" базары өрттөндү (сүрөт)

Оштогу "Келечек" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Келечек" базарынын аймагында саат 00:21 чамасында ашканадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="78375,78376,78377"]