Оштогу жол кырсыктан 5 адам жабыркаса, 1,5 айлык наристе чарчап калды
Ош шаарында унаа 150 метр бийиктиктен дарыяга кулап кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дэу Тико үлгүсүндөгү унаа Ош шаарындагы “Жоогазын” дачасында дарыяга кулап кеткен. Унаанын ичинде 6 адам болгон - 3 чоң адам жана 3 бала. Натыйжада 1,5 айлык наристе чарчап калган. Алдын ала такталган маалыматка караганда, унаага жаракат алган жарандар айдоочусу жокто келип отурушкан. Унаа ордунан жылып, жардан түшүп кеткен.
Ош шаардык ооруканасы жол кырсыгынан 6 адам түшкөнүн, ал эми балдар Ош облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн айтышты. Эки адам нейрохирургия бөлүмүндө, ал эми бирөө травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ош облустук ооруканасы 21-мартта саат 21:00дө кырсыктан жаракат алган 3 бала медициналык мекемеге жеткирилгенин билдирди. Алардын бири ооруканада 1 күн жатып, үйүнө жөнөтүлгөн. Экөө нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Көп өтпөй алардын бири чарчап калган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маалымат дагы такталып, толукталат.